ЖРТга каттоонун үчүнчү туру качан болору айтылды

ЖРТга каттоонун үчүнчү туру качан болору айтылды

Республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна каттоо 15-июнда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, тестирлөө 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.

ЖРТ 2022ге катышпай калгандар 15-июндан 23-июнга чейин төмөнкү даректер боюнча каттала алышат:

Бишкек шаарында — №24 мектепте, Тыныстанов көчөсү, 110 (Киев көчөсүнүн кесилиши);

Ош шаарында — шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ленин көчөсү).

Эгерде абитуриент мурда ЖРТ-2022ге катталып, бирок ар кандай себептерден улам тестирлөөгө катышпай калса, кайра каттоодон өтүшү керек. Ал ошондой эле тесттен өтүү жана өздүгүн тастыктаган документти алып келүүсү керек. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк инсандыгын тастыктаган документ эмес.

ЖРТ 2022ден четтетилген абитуриенттерге кайра катталууга же каттоодон өтүүгө уруксат берилбейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>