Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
“Мурас” мелдешин уткан дарыгерлер акчалай сыйлыгын балдарга берет
31.05.2023 | 17:28
Бишкекте өткөн футзал боюнча “Мурас” мелдешин уткан «Ден-соолук» командасы 400 миң сом акчалай сыйлыгын майып балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборуна берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, 27-28-май күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтүп, анда бир нече команда ойногон. Мелдешти медицина тармагынын кызматкерлеринин «Ден-соолук» командасы жеңип алган. Жеңүүчүлөргө кубок жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана «Ден-соолук» командасы 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата акчалай сыйлыкты министрликке караштуу майып балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом