Жоголгон адам киши колдуу болуп, сөөгү унаасынан табылган. Дагы бир шектүү кармалды

Жоголгон адам киши колдуу болуп, сөөгү унаасынан табылган. Дагы бир шектүү кармалды

2019-жылы октябрь айында «Манас» аэропортунда унаадан сөөгү табылган жарандын өлүмүнө шектелген дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы 23-октябрда аэропорттун токтотмо жайында унаанын жүк салган бөлүгүнөн дайынсыз жоголгон 39 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Анын колу-буту байланган болгон. Аталган жаран чоң суммадагы акчаларды ташып иштегени белгилүү.

ИИМдин маалыматы боюнча, бул окуядан кийин кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал оор кылмыштар үчүн мурда бир нече соттолгон 1991-жылы туулган М.А. аттуу жаран болуп чыккан. Бирок ал изин жашырып кеткендиктен, эл аралык издөөгө алынган.

Азыркы тапта шектүү Россиянын аймагынан кармалган. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 23-октябрда Чүйдүн милициясына облус тургуну кайрылып, агасы (К.Х.) дайынсыз болуп жатканын билдиргендей. Анын айтымында, агасы 22-февралда эртең менен үйүнөн “Манас” аэропорту жакка кетип, кайтып келген эмес. Арыз түшкөн күндүн кечинде милиция жоголгон адамдын сөөгүн “Манас” аэропортунун токтотмо жайында турган унаадан тапкан.

Аталган фактыга байланыштуу “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, аталган окуядан кийин 2 адам (А.И. жана Б.Ч.) шектүү катары кармалган. Алардан маркумдан уурдалган 100 миң доллар табылганы кабарланган.

2022-жылы мартта аларга Бишкектин Биринчи май райондук соту өкүм чыгарып, А.И. өмүр бою абакка кесилген. Ал эми Б.Ч. 16 жылга эркинен ажыратылган.

Абайлаңыз сүрөт! «Манас» аэропортунда унаа багажынан өлүгү табылган адам Түркияга акча жөнөтүү менен алектенген

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>