Хабиб Нурмагомедовду Бишкектен кантип тосуп алышты? видео

Хабиб Нурмагомедовду Бишкектен кантип тосуп алышты? видео

Бүгүн, 8-августта UFC уюмунун чемпиону, мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди.

Мушкерди «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 49 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга Eagle FC  футбол клубунун президенти Шамиль Завуров, ошондой эле “Хасбик” каймана аты менен таанымал орусиялык белгилүү блогер Хасбулла Магомедов жана анын командасынын өкүлдөрү менен бирге келишти.

Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ (ММА) боюнча турнирдин ардактуу коногу болот. Беттеш 10-августта «Бишкек аренада» өтөт.

Анда 28 мушкер күч сынашып, кеченин башкы беттешине кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык Расул Магомедов чыгат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>