Караколдо каза болгон окуучунун телефонунан видеокайрылуусу табылды

Караколдо каза болгон окуучунун телефонунан видеокайрылуусу табылды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 30-октябрда каза болгон 13 жаштагы окуучунун телефонунан видеокайрылуусу табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, маркум бала шаардагы №3 мектеп гимназиясынын 7-классынын А.А. аттуу окуучусу болгон. Ал 30-октябрь күнү окууга келип, бардык сабактарга катышкан. Саат 17:50дө сабактан чыгып, бирок үйүнө барган эмес. Ал мектепте жакшы окуган балдардын катарында болгон.

«Саат 18:35те окуучунун апасы класс жетекчисине (баласы үйгө келбегенин – ред.) билдирген. Ошол убактан тартып класс жетекчиси, ата-энелер, окуучулар, мектеп администрациясы топторго бѳлүнүп, издѳѳ иштерин баштаган. Ошондой эле милицияга кабар берилип, алар дагы издөө ишине катышкан. Саат 22:35те баланын сөөгү табылган», — деп айтылат маалыматта.

31-октябрь күнү эртең менен баланын телефону табылып, анда анын видеокайрылуусу болгон. Министрлик видеодо эмне кайрылуу болгонун тактаган жок. Ал эми АКИpress агенттиги жазгандай, бала видеокайрылуусунда өмүрүн кыя турганын айткан.

Аталган факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 30-октябрда болжол менен саат 12:30да Каракол шаардык милициясына аял киши кайрылып, 13 жаштагы уулу эртең менен мектепке кетип, окуудан кийин үйүнө келбегенин билдирген. Аталган кайрылуу каттоого алынып, баланы издөө иштери башталган.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундардан шаардык стадиондун жанындагы тереңдиги 4 метр болгон чуңкурдан өспүрүм баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Маркум изделип жаткан окуучу болуп чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>