Мыйзам долбоор: 2025-жылдан тарта видео регистратору жок унаа катталбайт

Мыйзам долбоор: 2025-жылдан тарта видео регистратору жок унаа катталбайт

Ички иштер министрлиги видео регистратору жок унааларды 2025-жылдан тарта каттоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Ал демилге бүгүн Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды.

Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосуновдун айтымында, демилге жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

“Азыр жарандар транспортуна өз эрки менен видео регистратор коюп жатышат. Жол кырсыгында ар кандай талаш маселелер болуп калат. Ошондо андагы тасма бизге дайым жардам берет”, — дейт министрдин орун басары.

Анын маалыматында, 2023-жылы 783 адам жол кырсыгында каза болду. 1 миллион 400 миң автотранспорт бар. Кыргызстанга жылына 68 миң жаңы транспорт алып келинет.

«2023-жылдан бери жүргүнчү ташыган транспортто сөзсүз түрдө видео регистратору коюу талабы киргизилген. Жалпысынан өлкөдөгү автомобилдердин үчтөн биринде бул жабдуу коюлган», — дейт Адылбек Бийбосунов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>