Мырзакматов президентке кайрылып, кызматтан кетпей турууга чакырды

Мырзакматов президентке кайрылып, кызматтан кетпей турууга чакырды

Өлкөдөгү акыркы окуялардан кийин Кыргызстанга кайтып келген Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, абал турукташканга чейин кызматын тапшырбай турууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

“Өлкөбүздө мыйзамдуулукту жана тартипти сакташыбыз керек. Ошондуктан, мен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылгым келет: Кыргызстандын көп улуттуу эли сизден мамлекеттин тагдыры, өлкөбүздөгү тынчтык жана тартип үчүн акылмандык жана жоопкерчилик күтөт. Өлкөдө туруктуулук камсыздалгыча президенттин ыйгарым укуктарынан баш тартпашыңыз керек”, – деп жазган Мырзакматов.

https://www.facebook.com/MyrzakmatovMelisbek/posts/4024775417549230

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдүн жана УКМКнын имаратын басып алышып, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү «Достук» мейманканасына чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ушул эле жыйында өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталган.

Өлкөдөгү окуялар боюнча президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу кайрылуу жасап, биринде ал мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен. Жапаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшкөнүн жана ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө макул болгонун кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>