Наамды өлгөндөн кийин бересизби?, — депутат мамлекеттик сыйлык тууралуу

Наамды өлгөндөн кийин бересизби?, — депутат мамлекеттик сыйлык тууралуу

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый-акылар жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Кундузбек Сулайманов Президенттик администрациянын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Салиман Малдыбаевага кайрылып, ал тарабынан мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн үч адамдын тизмеси эмне себептен өтпөй калганын сурады.

“Куудул Жаныбек Алыкулов (Шорпо) каза болгондо ага “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наам берилген. Ошондо Абдылда Иманкулов “биз наам алыш үчүн сөзсүз өлүшүбүз керек турбайбы” деп айткан. Токтогул районундагы Асанкалы Керимбаев атындагы маданият үйүндө өмүр бою иштеп келе жаткан үч адамдын тизмесин эки жылдан бери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүп келем. Алардын фамилиялары эмнеге өтпөй калды? Же өлгөндөн кийин бересизби?”, — деп сурады депутат.

“Мамлекеттик сыйлыкка документтер түшкөндөн кийин алар экспертизадан өтүп, комиссияга киргизилет. Бардык чечимдер комиссия тарабынан кабыл алынат. Мен алар кабыл алган чечим боюнча айта албайм”, — деп жооп берди Салиман Малдыбаева.

Депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>