Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Нарын шаарында азыр абал тынч
06.10.2020 | 09:29
Нарын шаарында азыр абал тынч. Бул тууралуу Нарын облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«Нарын шаарындагы аянка кечээ, 5-октябрда 100гө жакын адам чогулуп, бирок кайра тарап кетишкен. Алар бийлик өкүлдөрүнө эч кандай талап коюшкан эмес. Бүгүн дагы Нарында кайрадан тынчтык митингин өткөрүү боюнча чакырыктар жүрүп жатат. Азырынча шаар ичи тынч», деп билдиришти Нарын облусунун өкүлчүлүгүнөн.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрүнүн митинги Бишкекте 5-октябрда саат 10:00 чамасында башталып, азыркыга чейин токтой элек. Тынчтык митинг массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат