Нарын шаарында Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды

15.05.2026 | 17:49

Нарын шаарындагы К. Мамбеталиева атындагы облустук тарыхый-этнографиялык музейинде Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чара Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулган. Ага маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова, ICHCAP борборунун жана ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышкан.

Борбор шырдак, ала кийиз, сайма, зергерчилик жана өрмөк согуу сыяктуу кол өнөрчүлүк түрлөрүн сактоо жана жайылтуу максатында түзүлгөн.

Ачылыштын алкагында мастер-класстар жана көргөзмөлөр өткөрүлгөн. Анын ичинде сүрөтчү Залкарбек Эсенкановдун «Ата мээнети – эне мээрими» аттуу көргөзмөсү ачылган. Мындан тышкары, «Түнкү музей» акциясынын алкагында программалар жана маданий иш-чаралар уюштурулган.

Scroll to Top