«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Нарында 90го жакын мал-жандыкты кар көчкү басып калды
17.01.2024 | 19:46
Нарын районунда 90го жакын мал-жандыкты кар көчкү басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-январда саат 17:00 чамасында Нарын районунда Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5000 чарчы метр кар көчкү түшкөн.
Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган. Мындан сырткары кыштоого каттоочу жол да жабылган.
Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөттүн 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган. Жол тазалоо айыл аймагына жүктөлгөн.
Табигый кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар