Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сата алышат

Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сата алышат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова «Нур-Кубат» пилоттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул социалдык мааниге ээ долбоор пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда. Жаңы жылдын алдында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары толук орнотулуп бүтүп, байкоо иштери жүрүүдө. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы мамлекет тарабынан сатылып алынып, үй-бүлөлөргө кошумча киреше алып келет», — деди министр.

Гүлнара Баатырова, президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен социалдык маанилүү товарлардын кымбатташынын шартында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында электр энергиясына болгон тариф 40%га арзандатылганын эске салды (1 кВт саат үчүн 50,0 тыйынга чейин).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>