Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы жаран үч күндөн бери изделүүдө

Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы жаран үч күндөн бери изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы жаран үч күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн министр Бообек Ажикеев дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алды. Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 18-январь күнү улана турган издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.

Мындан сырткары куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты. Саат 18:30да караңгы киргенине байланыштуу издөө иши убактылуу токтоду. Куткаруучулар жеринде түнөккө калып, эртең таң эрте издөө иши уланат.

Белгилей кетсек, 14-январда Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө бүгүн ӨКМдин 64 куткаруучусу, кинолог, техникалар жана 5 дрон менен тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>