Жолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат«Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо: завод Евро-5 стандартындагы күйүүчү май чыгарууга өтүүдөУКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктадыУрмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
Чүйдө мал багып жүргөн. Нарында эки жыл мурда жоголгон жаран табылды
20.09.2023 | 16:03
Нарында эки жыл мурда жоголгон жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы милицияга Кочкор районунун Комсомол айылынын М.Э. аттуу тургуну кайрылып, 12-октябрда 1970-жылы туулган бир тууган иниси М.А. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жоголгон жаран быйыл 12-сентябрда Чүйдүн Кемин районунда мал багып жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом