ЖОЖдордо чет жактагы этникалык кыргыздарды кабыл алуу башталды

ЖОЖдордо чет жактагы этникалык кыргыздарды кабыл алуу башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүнгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 27-июлда аталган категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү башталды.

Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиянын этникалык кыргыз жарандары катыша алат. Бул үчүн алар министрликтин онлайн системасынын “2022-2023-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.

Тандоо тесттерине катышууга программанын талаптарына ылайык онлайн системада ийгиликтүү жана өз убагында катталган жана керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге уруксат берилет.

Бакалавриат программаларына сынактык тандоо компьютердик тестирлөөнүн жардамы менен болжол менен 25-августтан 26-августка чейин өткөрүлөт.

Сынактын программасына катышуу сертификаттары иш күндөрү: +996312625082, +996312621519, +996312620497 саат 15.00дөн 17.00гө чейин, ал эми суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>