Печенье жүктөлгөн фургонду айдап качып, өтүп бараткандарга таратып берген жаран кармалды«Бишкек Аренанын» расмий ачылышы 5-октябрга белгилендиМектептерде профилдик окутуу этап менен киргизилет. Ал кандайча болот?Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына билеттерди сатуу башталдыОпузалап акча талап кылууга шектелип Ысык-Көл токой чарбасынын инженери кармалдыКыргызстан жети айда 746,7 тонна балык экспорттоду
Нарында мал кайтарып кетип дайынсыз болуп жаткан адам табылды, – сүрөт
26.08.2020 | 13:49
Нарында 65 жаштагы жоголуп кеткен жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын районунда 25-август күнү саат 07:30 чамасында Алыш айылында 65 жаштагы киши мал кайтарып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын куткаруучулары жана жергиликтүү 35 тургун тартылган. Анын натыйжасында 65 жаштагы адам аман-эсен табылып, “Тез жардам” кыматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Маалыматта абалы туруктуу экени айтылат.
[su_image_carousel source=”media: 39064,39063,39062″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Коом