Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кочкор районунун аймагындагы жер тилкени мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Ы.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Тергөө жүрүп жаткан Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин жамааттык арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылы жеке жактарга кайра сатуу максатында өз билемдик менен Кочкор районунун аймагынан 100 гектардан ашык жер тилкесин ээлеп алган адам А.Ы.А. кармалды. Андан соң аталган А.Ы.А. аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн физикалык күч колдонуу менен коркуткан.

Белгилей кетсек, кармалган А.Ы.А., 2022-жылдын декабрь айында Кочкор РИИБнин жетекчилигин колго алуу менен Кочкор айылындагы кафенин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Ш.Н.О.нун Кочкор районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелинет.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

«Эгерде сиздерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылып коркутуп жатса же укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жасалып жаткан кылмыш фактылар боюнча маалыматтар болсо, Улуттук коопсуздук органдарына билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деп айтылат билдирүүдө.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>