Экспертизанын жыйынтыгы: Бекбол Аманкулов мээсине кан куюлуп каза болгон

Экспертизанын жыйынтыгы: Бекбол Аманкулов мээсине кан куюлуп каза болгон

Быйыл август айында Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бекбол Аманкуловдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көлдө жана Таласта соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда Таластагы экспертизанын жыйынтыгы даяр болгон, ал эми Ысык-Көлдүкү чыга элек.

Облустук милициядан билдиришкендей, Таластагы экспертиза Бекбол Аманкуловдун башында гематома бар экенин, мээсине кан куюлгандан каза болгонун көрсөткөн. Бирок облустук милициянын басма сөз кызматы экспертизанын жыйынтыгында «Бекбол Аманкуловдун мээсине кан куюлушу кандайдыр бир ур-соккудан болгону тууралуу айтылганбы» деген суроого так жооп айткан жок. Ишти иликтеген тергөөчүлөр, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу калган маалыматты берген эмес. Учурда тергөө уланып жатканы, маркумдун мээсине кан куюлушунун себеби кылмыш ишинин алкагында такталары айтылды.

Эскерте кетсек, Бекбол Аманкулов быйыл 6-августка караган түнү каза болгон. 6-августта маркумдун агасы жана достору Бекбол Аманкулов ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун айтып жатканын, алар ишти жаап коеюн деп жатабы деген күмөн саноосун билдирген. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери маркумдун денесинде жаракаттар жок экенин айтып жатканы айтылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган. Алардын үчөө — мурда соттолгондор.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.

Кийинчерээк Ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштерин баштаганы кабарланган.

Көп өтпөй Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жаап-жашырууга шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери, андан соң дагы 2 кызматкери кармалып, камака алынган.

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Эки милиционер 1 айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>