Нарындагы митинг боюнча облус жетекчиси үн катты

Нарындагы митинг боюнча облус жетекчиси үн катты

Бүгүн, 12-августта Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын айылынын тургундары (болжолдуу 55-60га жакын жарандар) “Чырпыкты” участкасынан алтын кенин өндүрүүгө лицензиясы бар “Голд Контент” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүнө жана компаниянын техникалары менен шаймандарын алып келүүсүнө каршы экендиктерин билдирүү максатында тынчтык митингине чыгышты. Бул тууралуу  президенттин Нарын облсундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын шаарынын борбордук аянтына чогулган Эки-Нарын айылынын тургундарынын талаптарын Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов ж.б. жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо, коопсуздук сактоо органдарынын жетекчилери угуп, элдин талабына жараша тиешелүү жоопторун беришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл А.Эргешов “Чырпыкты” участкасындагы кырдаал боюнча жеринде барып абал менен таанышаарын жана мыйзам менен иш алып барылаарын билдирди.

Ал эми ар кайсы массалык маалымат каражаттарында жарыяланган “бүгүнкү митинг “Жетим Тоо” кенин иштетүүгө каршы уюштурулду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Митингде “Чырпыкты” аймагындагы «Голд Контент” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө гана маселе көтөрүлгөнүн кошумчалашты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>