НДПК Бишкек АШКнын чечимин мыйзамсыз деп атоодо

НДПК Бишкек АШКнын чечимин мыйзамсыз деп атоодо

НДПК саясий партиясы Бишкек шаардык кеңештен четтетилди. Бул тууралуу аталган партия «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө Аймактык шайлоо комиссиясы партияны шайлоодон четтетүү боюнча негизсиз жана мыйзамга каршы келген чечим кабыл алганы айтылат.

«Мыйзам бузуулар, күмөндүү далилдер бардык процессуалдык ченемдерди одоно бузуу менен алынган. Азыркыга чейин НДПК партиясы добуш сатып алгандыгы тууралуу эч кандай далил келтирилген жок.

АШК НДПКны Бишкек шаардык кеңештен четтетсе дагы, жалпы натыйжага эч кандай таасир эте албайт. Башкача айтканда, алар НДПКнын шайлоодогу жалпы жыйынтыгына таасир эте алышкан жок.

НДПКга карата мындай тандалма мамилени түшүнбөйбүз. АШК бир партияны жетиштүү негизсиз шайлоодон толук четтетет, ошол эле учурда шайлоо мыйзамдарын одоно бузган башка партиялар үчүн комиссия айрым талапкерлерди гана алып салат же эскертүү берет», — деп жазылат билдирүүдө.

НДПК АШКнын мыйзамсыздыгына нааразычылыгын билдиришти.

Бүгүн, 19-апрелде АШК НДПКны Бишкек шаардык кеңештен четтетилгенин маалымдаган.

НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңештен четтетилди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>