Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
“NewTV” телеканалынын журналистине кол салуу болду
04.12.2019 | 09:03
“NewTV” телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков менен оператор Калыбек Абдумомутовго, айдоочу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду. Бул тууралуу телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда журналисттер Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Ак-Ордо конушуна мыйзамсыз орнотулган объектилерди тартуу үчүн барышкан.
Мыйзамсыз жайдын ээси алардын колундагы камерасын талкалап, унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кетишкен.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар