36 кыргызстандык Венгрия Украина чегине бара жатат

36 кыргызстандык Венгрия Украина чегине бара жатат

2-март Киев убактысы менен саат 13.00дө 25ге жакын жарандарды коштоп, бүгүн  Львов шаарына жетип, бул жактан дагы жарандарыбызды алып Венгрия өлкөсүнө баратабыз. Бул жолу дагы коштоого полиция берилген жок. Ошол себептен коштоо тобокелчилигин өзүбүзгө алууга туура келди. Бул туурасында Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

Анын айтуусунда, алгач, ушул маршрут менен Киевден 43, Львов шаарынан 25 адам өлкөдөн чыгууга каалоосун билдиришкен. Бирок, арасындагылардын кээ бири башка Европа өлкөсүнө кетээрин айтышты. Азыркы учурда автобуста 36 жаран баратышат.

“Баалуу делген документ жана башка тиешелүү техниканы жеткизип, элдерди коопсуз өлкөгө чыгарып кайтадан Украина өлкөсүнө кайтам. Абал курч. Мүмкүнчүлүк болоору менен маалымат берип турабыз”— деп кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>