Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктери
Нокатта Жол коопсуздук кызматынын инспектору пара менен кармалды
03.12.2019 | 15:54
Ноокат райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын тескөөчүсү пара менен кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, 30-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына М.М. аттуу жарандан арыз түшкөн. Анын айтымында тескөөчү жол эрежесин бузганы үчүн 2 миң сомун жана паспортун алып коюп, дагы 8 миң сом пара талап кылган.
3-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштердин жүрүшүндө кенже тескөөчүсү К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
Бул факты Жазык кодексиндеги “Опузалап пара талап кылуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш соттук өндүрүшкө алынган.
Сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар