Ноокат жолунун курулушун УКМК төрагасы өз көзөмөлүнө алды

Ноокат жолунун курулушун УКМК төрагасы өз көзөмөлүнө алды

Ноокат жолунун курулушун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык, Ноокаттагы жолдун курулушун жеке көзөмөлүмө алдым. Узундугу 15 чакырымдай жол 1-сентябрга чейин бүткөрүлүшү керек», — деди Ташиев.

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары “Ош-Баткен-Исфана” автожолунун 75-108 км реконструкциялоо долбоору боюнча подряддык компанияга 20 млн. 136 миң 220 доллар которулгандыгы аныкталган.

Аталган министрликтин жооптуу кызмат адамдары подряддык компания 189 млн. 200 миң 223 сомдук жумуштарды аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпастан, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алышып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизишкен.

«Натыйжада мамлекетке 189 млн. 200 миң 223 сомдук зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>