Ноокатта үч эм төрөлдү. Аким жер бөлүп берүүнү убадалады

Ноокатта үч эм төрөлдү. Аким жер бөлүп берүүнү убадалады

Ноокат районунда 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу акимиаттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Арык-Тейит айылынын 36 жаштагы тургуну Ракыя Сабырова үч эм ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Данир Иманалиев, айыл өкмөттүн башчысы Д.Көчкөнов ымыркайлардын жана эненин абалынан кабар алышып, аларга белектерди жана акчалай жардамдарды беришти.

Аким үч эмге бекем ден-соолук, берекелүү өмүр каалап, жер трансформация болоору менен турак жай курууга жер ажыратып, курулуш материалдарынан жардам берүүнү айыл өкмөт башчысы Д.Көчкөновго тапшырды.

Ноокат аймактык ооруканасынын директору А.Марипов үч эмге атайын медайым бөлүнгөнүн, эне жана балдардын абалы жакшы экенин айтты.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

  

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: үч эм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>