Ноокатта жаш жигитти өлтүрүп, сөөгүн багажга салып койгондор кармалды

Ноокатта жаш жигитти өлтүрүп, сөөгүн багажга салып койгондор кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Ноокат районунун Алашан айылынын 38 жаштагы С.И. аттуу тургуну өзүнүн 21 жаштагы Б.у.А. аттуу иниси 21-майда “Дэу-Лачетти” унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.

23-май күнү дайынсыз жоголгон жигиттин унаасы Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан “Ака-Үка” чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Кароо жүргүзүү учурунда унаанын арткы багажынан дайынсыз жоголгон Б.у.А. аттуу жигиттин сөөгү табылган. Сөөктү сырттан кароо жүргүзүү учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Өлүмдүн себебин тактоо үчүн тергөө иштеринин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмышка шектүү катары Көк-Жар айылынын 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. аттуу тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>