Ноокенде 1 млн сомго жакын бааланган бриллиант таштуу зер буюмдар уурдалды

Ноокенде 1 млн сомго жакын бааланган бриллиант таштуу зер буюмдар уурдалды

Ноокен районунда кымбат баалуу зергер буюмдарды жана куралды ок-дарылары менен уурдап кеткен жарандар кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  24-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында белгисиз адамдар кырк жети жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, анын мүлкүн, анын ичинде куралын ок-дарылары менен кошо уурдап кетишкен. Уурулар үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, терезеден кирип, баасы 900 000 сомдон ашык бриллиант ташы бар зер буюмдарын, ошондой эле сейфти ачып, анда сакталып турган 7,62 калибрдеги МА-АК үлгүсүндөгү аңчылык карабинин алып кетишкен. Мындан тышкары ок атуучу куралдардын 60 даана ок-дарысы жана башка баалуу буюмдары уурдалган.

Уурулуктун кесепетинен Ноокен районунун тургунуна дээрлик миллион сом өлчөмүндө ири материалдык чыгым келтирилген. Аталган факты боюнча ошол эле күнү Ноокен РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жана Ноокен РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар адамдардын өздүктөрү аныкталган. Жүргүзүлгөн биргелешкен иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 3 тургуну 2002-жылы туулган С.У., 2001-жылы туулган М.Ы. жана 1997-жылы туулган Ж.С. кармалган.

Кылмышкерлер табылбай калабыз деп үмүттөнүшкөн, бирок бир нече күндөн кийин Бишкек шаарынан жогорудагы уурдоо фактысына тиешеси бар эки адам
кармалган. Ал эми үчүнчү шектүү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагынан кармалган. Маалым болгондой, уурулар уурдалган буюмдардын бир бөлүгүн сатууга үлгүрүшкөн, ок атуучу куралдар жана ок-дарылар Кара-Кулжа районундагы шектүүнүн биринин тууганынын үйүндө катылган жеринен табылып алынган. Башка буюм далилдери да табылды. Учурда үч шектүү тең Нокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жана Жалал Абад облусунун Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан мындан аркы ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалгандардын ушул сыяктуу башкакылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: Ноокен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>