Ноокенде айылдык кеңештин эки депутаты кармалды — видео

Ноокенде айылдык кеңештин эки депутаты кармалды — видео

Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз саткан айылдык кеңештин депутаттары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жер тилкелерин сатып алуу үчүн мурда берилген акчанын бир бөлүгүн кайтаруу учурунда Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, кармалган адамдар, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтер менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган.

«Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ мыйзам бузуу фактысын жашыруу максатынды, 2022-жылдын 17-мартындагы жер мунапысын караштырган «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жобосун жүргүзүүгө ниеттенген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатат. Тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>