Орусия Кыргызстанга тик учак берет

Орусия Кыргызстанга тик учак берет

Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде “Ми-8” тик учагын берет. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Орусия президентинин чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов билдирди.

Бүгүн Бишкектин эски аянтында Орусия тарабынан берилген 40 өрт өчүрүүчү техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар жетекчилер катышты.

Маслов билдиргендей, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун программасынын алкагында өткөн жылы ар кандай долбоорлорго 80 млн доллар бөлүнгөн, 2023-жылы да ушул эле сумма бөлүнөт.

“Атайын даярдалган тик учак ушул жылдын ноябрь айында алынып келет. Ал атайын тоолуу аймактарда издөө куткаруу иштерине ылайыкталып жасалып жатат”, — деди Игорь Маслов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>