Жайында Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби аба каттамы ачылат

Жайында Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби аба каттамы ачылат

Кечээ, 28-февралда «Манас» аба майданы менен Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы кызматташуу жана жаңы авиакаттамды ачуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, быйыл июнь айында Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби — Бишкек — ​​Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборлорун байланыштырган жаңы каттам ачууну пландоодо. Каттам Airbus Neo 321 учагы менен жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Ошондой эле жакынкы аралыкта Абу-Даби — Ош — Абу-Даби каттамы боюнча авиакаттам ачуу пландалууда.

Жүргүнчүлөр билеттерди WIZZ Flex аркылуу сатып ала алышат. Ошондой эле, билеттерди учууга 3 саат калганга чейин эч кандай комиссиясыз кайтарып, билеттин баасынын 100% ала алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>