Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Новопокровкадагы абактан гранатага окшош буюм табылды
31.05.2022 | 18:59
31-май күнү эртең менен саат 09:40 чамасында Чүй облусунун Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү мекемесинин эски кургак учук ооруканасынын аймагындагы короодогу бактын түбүнөн мекеменин кызматкерлери гранатага окшош шектүү жашыл түстөгү буюм табышкан. Бул туурасында Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Коргоо министрлигинин сапёрдук тобу тартылып, объектти изилдеп, мүмкүн болуучу коркунучтарды болтурбоо максатында аны жардыруу жолу менен жок кылуу иштерин жүргүзүшкөн.
Текшерүү иш-чаралары ЖАКнын тиешелүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар