Ноябрдан тарта Сауд Арабия чет элдик зыяратчыларды умрага кабыл ала баштайт

Ноябрдан тарта Сауд Арабия чет элдик зыяратчыларды умрага кабыл ала баштайт

Ноябрь айынан тарта  тарта Сауд Арабия умрага зыяратчыларды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Сауд Арабиянын Кабар агенттигине таянып Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  4-октябрдан баштап умра жана Аль-Харам мечитине баруудагы чектөөлөрдү акырындап алып салуу иши башталат.

“Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги чектөөлөрдү 4 этапта алып салууну пландаштырууда:

1 этап 4-октябрдан тарта

Биринчи этапта Сауд Араб Падышачылыгынын жашоочуларына умра кылууга уруксат берилет, бирок күнүнө 6 миң адамдан ашпоосу талап кылынат.

2 этап 18-октябрдан тарта

Экинчи этапта 15 миңден ашпаган адамга гана умра кылууга уруксаат берилет. Ошондой эле ыйык Аль-Харам мечитине күнүнө 40 миң адам намаз окууга жана Набави мечитиндеги Рауза Шарифти зыярат кылууга болот.

3 этап 1-ноябрдан тарта, бирок ал өлкөнүн эпидемиологиялык абалына жараша болот.

Үчүнчү этапта жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларга умра кылууга уруксат берилет. Бирок күнүнө 20 миң адам умра кыла алмакчы. Ал эми 60 миң адам Аль-Харам мечитинде намаз окуй алышат.

Эсиңизде болсун:

— Үчүнчү этапта умра кылууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси кийинчерээк ал өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга жараша жарыяланат! Ошондуктан, биз кыргызстандыктар бардык санитардык талаптарды так сакташыбыз керек.

4 этап:

Пандемияны жеңгенден кийин чектөөлөр толугу менен алынат”, — деп айтылат маалыматта

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>