Бишкекте электр велосипеддерин уурдап жүргөн деп шектелип эркек киши кармалдыКызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынды — КР ӨКМКыргызстанда Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалдыGTA 6 чыкты: оюн Metacritic сайтында 100дөн 99 балл алдыКыргызстанда быйыл 2,3 млн тоннадан ашуун дан эгини жыйналдыБишкекте 17 жаштагы спортчу кызга кол салуу: шектүү азырынча табыла элек
Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
05.10.2022 | 15:35
Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев парламенттин төрагасы болуп шайланды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерге 80 депутат “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш берген.
Буга чейин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы төрагалыкка көрсөткөн Нурлан Шакиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттар тобу, “Ишеним”, “Альянс” фракциялары дагы колдошкон.
Буга чейинки төрага Талант Мамытов отставкага кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат