Eagle FC 49: Бусурманкул Абдибаит уулу Расул Магомедовдон утулду (видео)

Eagle FC 49: Бусурманкул Абдибаит уулу Расул Магомедовдон утулду (видео)

Eagle FC 49 мелдешинин башкы беттешинде кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык атаандашына жеңилип калды.

Ал титулдук беттеште Расул Магомедов менен бир рингде кездешкен. Калыстардын чечими менен россиялык мушкер жеңүүчү болуп, чемпиондук курду тагынды.

Эскерте кетсек, Бусурманкул Абдибаит уулунун салмагы жарым жеңил салмак (65,8 кг) категориясынан 1,4 килограммга оор болуп калгандыктан, лиганын эрежесине ылайык ал чемпиондук курунан ажыратылган. Кыргызстандык мушкер чемпиондук курунан ажыратылганына карабай, бул таймаш титулдук деп эсептелди.

Eagle FC 49 мелдеши “Бишкек Арена” муз аянтчасында өттү. Мелдешке ардактуу конок катары UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана «Хасбик» каймана аты менен таанымал дагестандык блогер Хасбулла Магомедов келди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>