Нуржигит Кадырбеков Алымкадыр Бейшеналиевди коргоп чыкты

Нуржигит Кадырбеков Алымкадыр Бейшеналиевди коргоп чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Саламаттыкты сактоо министрлигине карата соңку учурда ишин карооо маселеси көтөрүлүп жатканын айтып, жакшы кадрларды сактап калууга чакырды.

Кадр маселеси боюнча такыр пикиримди айта элек болчумун. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча айта кетейин. Балп этип койгон жактары жакчу эмес, бирок, кийинки жасаган иштерин көрүп ынанып калдым. Жакында “Алтын балалыкка”  (ред: Ысык-Көлдө балдар борбору салынып жатат) барып келдим, бир тыйын бөлүнбөптүр иш бүтүп атат. Жогорку Кеңеш чыгарган “Жашыл Кыргызстан” деген токтомго реакция кылган бир ошол эле министр болду. Сөзүн угуп алдатпа, ишин көрүп ардакта дейт. Жакшы иштеп жаткан кадрларды сактап калалычы, көп эле анын ишин карай бербей…”-деди.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин кароо боюнча демилгелер көтөрүлүп чыгып калып жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>