БУУда бүгүн Башкы катчынын кызматына талапкерлердин дебаттары өтөтТИМ Германияда эмне үчүн кыргызстандыктар жумушсуз калганынын жагдайларын тактап жататГерманияда 130 кыргызстандык менен эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулдуФилософиядан корпоративдик маданиятка чейин: КРСУнун бүтүрүүчүсү Kulikov компаниясында HR тармагын кантип жетектеп калды?Чолпон-Атада ШКУнун саммитинин алдында тышкы иштер министрлеринин кеңеши өтөтАйыл чарба министрлиги фермерлерге көк бөрү (голубика) өстүрүүнү сунуштайт
Депутат: Бишкектеги эмен сейил багына турак-жайлар курулуп жатат
21.04.2022 | 11:00
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында эмен сейил багындагы 2 гектар жердин тагдыры коркунучка кептелгенин белгилеп, мэрияга кайрылды.
“Республиканская, Победа көчөлөрүндө 2 гектарга жакын аянтта 2 сейил бак бар. Эмен сейил багы. 1970-жылдан бери түптөлгөн, миңдей бак өсүп турат. Алар Ата-Түрк сейил багындай болуп жерлери турак-жай салынууга менчикке берилип жатыптыр. Жергиликтүү тургундар мага кайрылып тынчсызданып жатат. Бак-дарактар толугу менен Бишкек шаарынын “Жашылчарба” ишканасына өткөрүлүп берилген экен. Бул маселегне мэрия дыкат мамиле кылып карап чыгышы керек. Мен элди токтотуп атам, азыр жаңы бийлик келди эми бул маселени чечет болушу керек деп…”-деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар