ӨКМ кызматкерлери жат жазуу жазышты

ӨКМ кызматкерлери жат жазуу жазышты

Бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 73 кызматкери жат жазуу жазышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүн уюштурууда.

Жат жазуунун негизги максаты:

жарандарга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн кызматкерлердин тил сабаттуулугун жогорулатуу;

— мамлекеттин негизги символу, улуттун нукура касиети катары кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү;

— мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, маданият, илим, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик тилдин эрежелерин сактоо, өнүктүрүү боюнча аракеттерин күчөтүү;

— кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө,

— кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>