Кат жазып кеткен: Министр эки жоокердин өлүмүнүн себебин айтты

Кат жазып кеткен: Министр эки жоокердин өлүмүнүн себебин айтты

Ушул жылдын жай мезгилинде аскердик кызмат өтөө учурунда каза болгон эки жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитетинин жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 4-июлунда Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Элдияр Жайлообеков өзүн-өзү атып алган. Ал 22 жашта болгон. Постто сакчылык кызматын өтөп жаткан.

Ал эми ушул жылдын 18-августунда Аскердик институтта аскерге чакырылган 2003-жылы туулган жоокер Сыргак Сабырбеков өзүн атып каза болгон. Ал Каракол шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.

“Эки жоокердин өлүмүнө дедовщина себеп болгон деп айтууга болбойт. Анткени, биринчи жоокер 23 жашка жакындап калган жигит болчу. Аны бирөө сабады деп айтууга болбойт. Экинчи жоокер дагы кызматын өтөп, эки айдан кийин үйүнө кетмек. Анын өлүмүнө дагы дедовщина себеп болгон деп айтууга болбойт. Бирок, бир маселе бар. Ал эки кат жазып кеткен, ал чөнтөгүнөн табылган. Биринчи катында “ата-энем мен кичинекейимде ажырашып кеткен. Атам зөөкүр киши болгон” деп жазса,  экинчисинде “прапорщик акча талап кылган” деп жазган.

Жоокер постто турганда прапорщик келип, устав боюнча жоокер постто кызмат өтөп жатканда отурбай, туруп турушу керектигин айтып, эскертүү берген. Ошол учурда жоокер тажаганын айтып, “мени андан көрө камап салгыла” деп мылтыкты алып камыштардын арасына барып өзүнө ок чыгарган”, — деди Бактыбек Бекболотов.

Анын айтымында, тилекке каршы аскер бөлүктөрдө мындай учурлар болуп келген. Буга ата-энелердин жоктугу, ажырашканы, миграцияга кеткени, каралбай калганы сыяктуу коомдогу чоң көйгөйлөр себеп болууда.

“Экинчи солдат формасын сатып алуу үчүн жездесинен 2500 сом сураган экен, ал болгону 500 сом бериптир. Анын ата-энесине болгон ызасына форма ала албай калганы жана прапорщиктин эскертүү бергени кошумча болуптур”, — деди министр.

Коргоо министрлигинин башчысы бул боюнча иликтөө жүргүзгөндө көптөгөн тартип бузуулар аныкталганын кошумчалады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>