Психиатриялык ооруканаларда жаткандардын укугун коргоо күчөтүлөт

Психиатриялык ооруканаларда жаткандардын укугун коргоо күчөтүлөт

Акыйкатчы институтунун психиатриялык ооруканаларда жаткан бейтаптардын укугун коргоо кызматы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башкы административдик имаратына көчүп барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Акыйкатчы институтунун аталган кызматы 2009-жылдан 2020-жылга чейин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башкы административдик имаратында жайгашып келген. Бирок 2020-жылы аталган кызмат институттун жетекчилигинин чечими менен Акыйкатчынын имаратына көчүрүлгөн. Ошол жылдан тарта Республикалык психиатрия жана наркология борборунун бейтаптарынын укуктары бузулганы тууралуу түшкөн арыздардын саны кескин түрдө азайып кеткен. Мисалы, аталган кызмат институтка көчкөнгө чейин 2019-жылы 100 кайрылууну караса, 2023-жылы түшкөн арыздардын саны сегизөө гана болгон.

Психиатриялык мекемелерде жаткан бейтаптар катаал мамиле жана кыйноого кабылып калышы мүмкүн болгондуктан, бейтаптарлын укугун коргоо үчүн акыйкатчы Жамиля Жаманбаева психиатриялык ооруканаларда жаткан бейтаптардын укугун коргоо кызматын кайра Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башкы административдик имаратына көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган.

Аны менен бирге Жаманбаева психиатриялык мекемелерде жаткан бейтаптардын дарылоо шарттары менен таанышкан.

«Мисалы, 2019-жылы институтка келгенге чейин кызмат 100 кайрылууну караса, 2023-жылы алардын саны — 8 болду, кыскарып кеткени көрүнүп жатат.

Мындай статистика тынчсызданууну пайда кылат, анткени психиатриалык бузулуулар менен жабыркаган РПНБнын бейтаптары аялуу жана алар катаал мамиле, ал тургай кыйноого кабылып калышы мүмкүн. Мындан улам туруктуу негизде алардын шарттарын мониторинг кылуу аркылуу укуктарын коргоону күчөтүү керек», — дейт Жаманбаева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>