Кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 8-июлга карата аба ырайынын божомолуУчактын авариялык абалда токтоп калышынан улам «Манас» аэропорту эртең мененки саат 06:00гө чейин жабылдыМамлекеттик кызматкерлер, куткаруучулар жана авиаторлор Министрлер кабинетинин сыйлыктарын алыштыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин ири бизнес-фестиваль өтөтКазакстан Кыргызстанга КММ жеткирүү маселесин өз кызыкчылыктарын эске алуу менен карап чыгатTezJet учагы «Манас» аэропортунан учуп жатканда капталына ооп кетти
Өкмөт электр энергиясына тарифти көтөрдү, бирок бардыгы үчүн эмес
22.12.2022 | 12:10
Кыргызстанда “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.
Юстиция министрлигинин документине жана маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка турак жай эмес керектөөчүлөргө тиешелүү.
Алсак, тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн 1 киловатт-саат үчүн 252 тыйын өлчөмүндөгү тариф 340 тыйынга чейин көтөрүлдү.
Белгилеп кетсек, бюджеттик мекемелерге республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер кирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар