Жапаров Япониянын элчисин кабыл алды. Алар эмнени талкуулашты?

Жапаров Япониянын элчисин кабыл алды. Алар эмнени талкуулашты?

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу жана Атайын Элчиси Маэда Сигекини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен ишканаларынын продукцияларын кайра иштетүү, машина куруу жана экологиялык коопсуздук жана IT-технологиялар жаатындагы маселелерди талкуулашты. Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Япониянын ири компанияларын ички рынокко тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

«Биздин өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң, анткени биз 1,5 миллиард Кытай жана 40 миллион калкы бар Өзбекстан менен чектешебиз. Бул чоң базар. Биз өлкөгө жапон технологияларын алып келүү үчүн франшизаны ишке киргизүүгө, иштеп чыгууларга укуктарды сатып алууга даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Тараптар Япония өкмөтү ишке ашырып жаткан «Бир айыл – бир продукт» долбоорун да талкуулашты. Акылбек Жапаров бул долбоорду кеңейтип, мамлекеттик деңгээлде ишке ашырууну сунуштады.

Өз кезегинде Маэда Сигеки бул долбоор боюнча министрлер кабинетинин айткандарын колдоп, ал Японияда 42 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле президент жана Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан аракеттерине жана реформаларына жогору баа берип, аларды ишке ашырууга элчилик көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Япония

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>