Чек арадан казак жараны 30 тонна кум шекер менен кармалды

Чек арадан казак жараны 30 тонна кум шекер менен кармалды

Бүгүн, 25-июнда «Чоң-Капка авто жол» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары Кыргызстандан мыйзамсыз жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көзөмөл өткөрүү жайына Казакстандын 1984-жылы туулган А.К., аттуу жаранынын башкаруусунда “КАМАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа келип токтогон.

Өз учурунда аталган жаран чек ара кезметине унаада жер семирткичтери (селитра) бар экендиги тууралуу коштомо иш кагаздарын көрсөткөн.

Автоунааны текшерүү учурунда чек арачылар эки катар каптагы селитраларга бекитилген 30 тоннадай кум шекерди табышкан.

Айдоочу жүктөрдү  Кыргызстандан Казакстанга жасалма документ менен алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң айдоочу жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кум шекер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>