Өкмөттөн 100 миң сомдон жардам алгандар канча киреше табышат?

Өкмөттөн 100 миң сомдон жардам алгандар канча киреше табышат?

Эки жылдын ичинде Кыргызстан боюнча 12,8 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгондордун деңгээлин жогорулатуу, чакан ишкерликти өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда.

Мамлекет менен социалдык көзөмөл түзгөн үй-бүлөлөр алган 100 миң сомго чакан нан бышыруучу жайларды, тигүү жана эмерек жасоочу устаканаларды, күнөсканаларды, курулуш материалдарын өндүрүүнү, мал чарбачылыгын, ошондой эле ар кандай тармактарда калкты тейлөөгө багытталган чакан ишканаларды ачышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өткөн жылдагы социалдык келишимди ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарды.

Министрликтин маалыматы боюнча, катышуучулардын 96% киреше алышат, калгандарынын кирешелерине сезондуулук жана форс-мажордук жагдайлар таасир этет.

Катышуучулардын кирешеси жумасына 500дөн 10 миң сомго чейин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>