Милиционерлер кызматтык иттер менен түнкү клубдарды текшеришти

Милиционерлер кызматтык иттер менен түнкү клубдарды текшеришти

Бишкек шаарындагы түнкү клубдарда баңгизатты колдонууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-июнь — Баңгизаттарды кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган бир айлыктын алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кызматтык-издөө иттерин колдонуу менен Октябрь РИИБдин кызматкерлери  менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагындагы түнкү оюн-зоок жайларында ыкчам- алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты коомдук жайларда жасалган кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле түнкү клубдарга келген эс алуучулар арасында баңгизатты колдонуу фактыларын аныктоо болуп саналат.

Милиция кызматкерлери түнкү оюн-зоок жайларынан тышкары, борбор калаанын жаштарынын жана конокторунун арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында Асанбай сейил багында жана ага жакын аймактарда  жаштардын чогулган жерлерин текшеришти.

Мындан тышкары, милиционерлер Октябрь районундагы түнкү клубдардын жетекчилиги менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Ыкчам-алдын алуу иш-чараларга ИИМдин БМЖКККнын, Кинология борборунун кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү катышты.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы курөшүү кызматы эс алуу мекемелеринде мындай акциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу керек экенин белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>