Талас: Жол кырсыгынан 8 адам каза болду

Талас: Жол кырсыгынан 8 адам каза болду

Таласта 15-октбярда түндө жол кырсыгынан сегиз адам каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Эмил Курманбаевдин айтымында, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Ой айылынан Бишкекти көздөй баратканда жүк ташуучу машине менен кагышкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, «Хонда Степвагондун» айдоочусу Бишкекке эл ташып иштеген. Аварияда өзү жана машинедеги жети адам мерт болгон.

Аталган факты Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ички иштер министрлигинин октябрдын башындагы акыркы эсеби боюнча, Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>