Окуучулардын идентификациялык номери эмнеге чогултулууда? Расмий жооп

Окуучулардын идентификациялык номери эмнеге чогултулууда? Расмий жооп

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын өздүк идентификациялык номери (ӨИН) эмне үчүн чогултулуп жатканы боюнча маалымат берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 25-ноябрындагы буйругуна ылайык, “Жаңы китеп” мекемеси китептерди башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнү баштаган. Бул иштердин алкагында эки маалымат базасы түзүлүшү керек. Биринчиси – китептер жана китеп фонддору боюнча, экинчиси – ижарага китеп алып окуп жаткан окуучулардын маалымат базасы.

ӨИН окуучунун тек-жайын аныктоочу бирден-бир уникалдуу идентификациялык код. Бул окуучунун аты-жөнү туура, так эмес болушун, туулган күнү, окуган мектеп (мектеп коду), классы тууралуу маалыматтын толук киргизилбей калуусун алдын алууга жардам берет. ӨИН мектеп окуучусун аныктоо үчүн системага бир гана жолу киргизилет. Маалымат ата-энелердин макулдугу менен чогултулат.

Бул система окуучулардын маалыматтарына байкоо салууга, министрликтин системасына ар түрдүү отчетторду (гендер, социалдык жеңилдик алган, окуучулардын жашы, миграция) киргизүүгө жана бирдиктүү маалыматтар базасына топтоого ыңгайлуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>