Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Жалал-Абадда катуу сабалган 2 жаштагы бала чарчап калды
29.01.2020 | 12:07
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу сабалган 2 жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу облусттук милициядан кабарлашканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
ОИББнен билдиргендей, баланын апасы өткөн жылы каза болуп калган. Ал эми атасы Орусияда.
«27-январда саат 13:30дар чамасында Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган А.Б. аттуу баланын жансыз денеси түшкөн. Денесинде бир нече көгала тактар жана тытыктар болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейстрине катталып, кылмыш иши козголду. Тергөө органдары тарабынан баланы карап жүргөн жеңеси суракка алынган. Анын дагы үч жаш баласы болгондуктан, азырынча бөгөт чарасы тандала элек», – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар