Олимпиада: Акжол Махмудовдун дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Олимпиада: Акжол Махмудовдун дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудовдун (77 кг) Париждеги Олимпиада оюндарындагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду.

Азыркы тапта Мексикада күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берген Пан-Америка квалификациялык мелдеши өтүүдө. Бул турнирде финалга чыккан балбандар лицензия алат.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта колумбиялык балбан Куэро Муноз Алексис жана кубалык Пена Флорес Йосванис финалга чыгып, жолдомо утту.

Белгилей кетсек, бул мелдешке америкалык спортчу Камал Бей катышып, Олимпиадага лицензия ала алган жок. Жарым финалда ал колумбиялык Куэро Муноз Алексиске жеңилип калды.

Камал Бей — Акжол Махмудовдун эски атаандаштарынын бири. Буга чейин алар жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында эки жолу күрөшкөн. Биринчи беттеш 2017-жылы финалда болуп, анда Акжол Махмудов 11:16 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган. Алтын үчүн беттешке чыгып жатканда Махмудовдун кабыргасында жаракаты болгон. Ал жарым финалда жаракат алган.

Экинчи беттеш да жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында 2018-жылы болуп, бул жолу спортчулар коло үчүн күч сынашкан. Анда Махмудов Камал Бейди 8:1 эсебинде жеңген.

Кубалык Пена Йосванис жана колумбиялык Куэро Алексис

Олимпиада оюндарында күрөштөн ар бир салмакта 16 спортчудан күч сынашат.

Лицензия алгандар (77 кг):

  1. Кыргызстан — Акжол Махмудов
  2. Азербайжан — Санан Сулейманов
  3. Армения — Малхас Амоян
  4. Япония — Нао Кусака
  5. Өзбекстан — Арам Варданян
  6. Куба — Пена Флорес Йосванис
  7. Колумбия — Куэро Муноз Алексис

Эскерте кетсек, алдыда дагы Олимпиадага жолдомо бере турган 3 континеналдык (Азия, Европа жана Африка менен Океания) жана 1 дүйнөлүк мелдеш өтөт. Аталган мелдештерде лицензия ала элек балбандар Олимпиаданын жолдомосу үчүн күрөшөт.

Шаршенбековдун Олимпиададагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>