Депутаттар Жээнбековду макамынан ажыратуу үчүн кол топтоодо. Ал үчүн канча добуш керек?

Депутаттар Жээнбековду макамынан ажыратуу үчүн кол топтоодо. Ал үчүн канча добуш керек?

Жогорку Кеңеште Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу үчүн кол топтоо жүрүүдө. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге эл өкүлү Тазабек Икрамов ырастады.

Демилге депутат Акылбек Түмөнбаевге таандык.

«Канча кол топтолгонун билбейм, бирок көпчүлүгү макул болуп жаткан. Бул маселени парламентте кароого чыгаруу үчүн 31 добуш керек», — дейт Тазабек Икрамов.

Белгилей кетсек, Акылбек Түмөнбаев  Сооронбай Жээнбековдун макамын алып салуу маселесин бир нече жолу көтөргөн.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш демилге көтөрүлгөндөн кийин 3 ай ичинде кол топтолуп бүтүшү керек. Экс-президент макамы эл өкүлдөрүнүн жарымынан көпчүлүгүнүн добушу менен алынат.

Мурдагы өлкө башчыларынан Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева макамын сактап калды.

Президент Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековго ырымдап экс-статус бергенин айткан. «Аны да кубалап, түрмөгө тыксак мындан кийин да терс көрүнүштөр улана бербейби деп ойлоп, ырым кылып ушундай кылдым», — деп түшүндүргөн.

Бирок Конституциянын 67-69-беренесине ылайык, өлкө башчысы Жогорку Кеңештин чечими менен (Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо өтүнүчүнүн негизинде) кызматтан алынбаса, анда ага  экс-президент макамы автоматтык түрдө ыйгарылат. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыктан кийин өз эрки менен ыйгарым укуктарын токтоткон.

Парламентте Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу маселеси көтөрүлдү (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>