Видео: Адилет Балтабай УКМКнын кызматкерлери эмнеге кармаганын айтты

Видео: Адилет Балтабай УКМКнын кызматкерлери эмнеге кармаганын айтты

Кечээ, 10-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган активист Адилет Балтабай Reporter.kg’нин суроосуна жооп берип, УКМК тарабынан кармалышынын себебин айтып берди.

Активист УКМКда болгондо айрым маалыматтарды ачыктабай турганы тууралуу кагаздарга кол коюп бергенин айтып, толук маалымат бере албай турганын белгиледи. Бирок анын кармалышы Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу «Фейсбукта» түз эфир жасаганы менен байланыштуу экенин билдирди.

«Кыскача айткам, акыркы убакта резонанстуу болуп жаткан Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча өзүмдүн саясий-аналитикалык пикиримди билдиргем. Конституцияга, мыйзамдарга таянып, укуктук мамлекетте жашайбыз деген пикир менен өзүмдүн оюмду айткам. Ал жерде кайсы бир тарапты негизсиз, мыйзамсыз кемсинтип же ашыкча сындаш максат эмес болчу. Болгону окуя боюнча пикиримди билдирейин дегем. Тилекке каршы УКМКнын кээ бир кызматкерлери менин пикиримди уюшкан кылмыштуу топко жан тарткандай кабыл алыптыр. Ал өздөрүнүн катасы деп ойлойм. Мен (уюшкан кылмыштуу топту — ред.) колдойм деп эфирте айткан жокмун, болгону жарандык позициямды билдиргем келген», — деди ал.

Адилет Балтабайдын айтымында, анын элдин ой-пикирин туура эмес жакка буруу максаты болгон эмес.

«Мындан аркы аракеттерибиз – бийликтин да, жарандык коомдун дагы аракеттери эриш-аркак болуп, бири-бирин жектебеген, кектебеген мыйзам талаасынын алкагында болот деп үмүт кылам», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Адилет Балтабайдын үйүнө өзүн «Сокулук райондук милициянын кызматкерибиз» деп тааныштырган адамдар келип, активистти издеген. Бирок ал учурда Адилет Балтабай үйүндө болгон эмес.

Кийин алар аны Чүйдүн Сокулук районундагы пробация органына барганда кармап кеткен.

Сокулук районундагы пробация органынын кызматкерлери активисттин туугандарына Адилет Балтабайды УКМКнын кызматкерлери кармап кеткенин айтышкан. Бирок активистти ким кармап кеткени так белгилүү болбой жаткан.

Кечинде саат 19:00дөрдө активисттин туугандары жактоочу менен Сокулук райондук милициядан сураштырып издегенде, Адилет Балтабайды алар кармабаганын айтышкан.

10-октябрда Reporter.kg’ге өздүк булактары, Адилет Балтабайды УКМК кызматкерлери кармап кеткенин, «профилактикалык сүйлөшүүдөн» кийин түнүндө кое берилгенин билдирген.

УКМКнын кызматкерлери кармаган Адилет Балтабай кое берилди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>